Мамлекеттик салык кызматы: "Үйгө, автоунаага салыкты өз убагында төкпөгөндөргө айып пул жана туум жазылат"

Мамлекеттик салык кызматы автоунаалардын, турак жайлардын жана жердин ээлерин салыктарды өз убагында төлөөгө чакырууда. Салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, төлөм терминалдарынан төлөсө болорун эскертет.

"Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаттарына салыкты, ал эми 2-сентябрга чейин турак жайларга, батирлерге жана жер салыгын (үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер тилкелери үчүн) төлөө зарыл. Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Салыктык төлөмдүн мөөнөтүнөн кечиктирилген ар бир күнү үчүн туум кошуп эсептелинет",- деп айтылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан