"Сиздердин өкүлдөрдүн аракети аркылуу Кыргыз Республикасы менен кызматташууга байланышкан маселелер дайыма БУУ жетекчилигинин көңүл чордонунда болду",- деген төрага жакында БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун кыргыз өлкөсүнө жасаган иш сапарынын маанисин белгиледи.
Тараптар аймактык деңгээлде мамлекеттердин өз ара аракетине жана терроризм, экстремизм, наркотрафик, чек аралар аралык уюшкан кылмыштуу топтор сындуу азыркы учурдагы коркунучтарга биргелешип каршы туруу маселелерине көңүл бурушту.
Спикер социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө киришкен мамлекеттин аракетин, конфессиялар аралык мамилелер жаатында салмактуу саясат жүргүзүү, алардын экстремисттик агымдарына каршы күрөшүү зарылчылыгын белгиледи. Парламенттик шайлоо тууралуу: "Жогорку Кеңешке шайлоонун калыс, атаандаштык негизде өтөрү болжонууда. Бул маселе өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө турат, кыргыз мамлекетинин жарандары таза шайлоону күтүшүүдө",- деп билдирди.