Кыргыз мамлекетине 19-августта Кувейттен 2,2 миллион долларлык гуманитардык жардам келди. ТИМдин билдиришинче, берилген медициналык жабдуулар - президент Алмазбек Атамбаевдин Кувейтке болгон иш сапарында кол коюлган келишимдердин жыйынтыгы. 2015-жылдын апрель айында президент Эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы Абдуллах Маатук аль-Матуук менен жолугушкан.
"Келип түшкөн жүк Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө берилди. Алар өлкөдөгү ооруканаларга жана клиникаларга бөлүштүрүлөт",- деп билдирет министрлик.