Бүгүн, 21-августта Өкмөт үйүндө премьер-министр, вице-премьерлердин жана министрлердин катышуусунда парламенттик шайлоого карата даярдык боюнча жыйын өтөт. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, ошондой эле жыйында
"КРнын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат. Эскерте кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өткөрүлөт.