Мамлекеттик материалдык резерв фондунун төрагасы
Шералы Абдылдаев ээлеген
кызматынан бошотулду. Премьер-министр
Темир Сариев тиешелүү буйрукка кол койгонун 21-августта өкмөттөн кабарлашты. Маалым болгондой, Абдылдаев
парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен ат салышып жаткандыктан, өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Буга чейин өкмөт башчы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катышууну каалаган мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызматтан кетүүсүн талап кылган эле.