Ишенбай Кадырбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазды.
Бул тууралуу SUPER.KG'ге 21-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Канат Азиз билдирди.
Маалым болгондой, Кадырбеков парламенттик шайлоого талапкер катары партиялардын бири менен катышып жаткандыктан, жумуштан кетүү тууралуу арызды өз каалоосу менен жазды.
"Эми чечимди БШК кабыл алса, ал кызматынан алынат",- деди Канат Азиз.