"Пайыз салыгы - 109,5 пайызга, бирдиктүү салык - 129,2 пайызга, милдеттүү патенттин негизиндеги салык - 176,3 пайызга, кыймылсыз мүлк салыгы - 105,7 пайызга. Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 115 пайызга, "Кумтөрдүн" дүң кирешесине салык 118,1 пайызга, пайда салыгы 100,7 пайызга жана салыктык эмес келип түшүүлөр 142,9 пайызга аткарылды",- деп билдирет мекеме.
Айта кетсек, быйыл автоунаага салык төлөө 1-сентябрда, кыймылсыз мүлккө салык төлөө 2-сентябрда аяктайт.