Кыргыз аскерлери Орусияда өтүүчү "Өз ара аракеттенишүү-2015" машыгуусуна катышат

Кыргыз мамлекетинин аскердик контингенти 22-28-августта Орусияда өтүүчү "Өз ара аракеттенишүү-2015" биргелешкен машыгууларына катышууга 22-августта учуп кетет. Коргоо министрлигинен кабарлагандай, машыгуунун темасы: "Жамааттык келишим уюмунун ыкчам аракеттеги коллективдүү күчтөрүнүн контингенттерин Чыгыш Европа аймактарында колдонуу".

"Курамында 50дөй аскер кызматкери бар кыргыз контингентинен сырткары машыгууга Орусиядан, Армениядан, Беларустан, Казакстандан, Тажикстандан 2000ден ашык адам катышары күтүлүүдө. 200дөй аскер кызматкери, 40тай авиациялык техника да тартылат",- деп билдирет министрлик.

Машыгуунун сценарийи боюнча куралдуу кагылышууну токтотуу, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу, маанилүү стратегиялык объекттерди, курал-жарактарды, аскер техникаларын кайтаруу аракеттери көрсөтүлөрү айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан