Бүгүн, 21-августта Өкмөт үйүндө парламенттик шайлоого карата даярдык боюнча маселе каралууда. Жыйын учурунда премьер-министр
Темир Сариев Чычкан капчыгайындагы өрт маселесине токтолуп, өрттү өчүрүү боюнча чараны күчөтүү тапшырмасын койду.
"Өзүңүздөр билгендей, күндүн ысык болуп жаткандыгына байланыштуу Чычкан капчыгайындагы өрт өчпөй жатат. Кечээ учак менен суу чачылды, бирок суу жайылып кетип эле өрт такыр өчпөй жатат. Ошондуктан чараны мүмкүн болушунча күчөткүлө",- деди тиешелүү министрликтердин жетекчилерине.