Темир Сариев кыргыз-казак бажы бекеттериндеги көйгөйлөр чечилерин айтты

“Кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттеринин алынышы менен жарандардын каттоосу жана товарлардын өтүүсү эки эсеге жогорулады”,- деп айтты премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 21-августта Өкмөт үйүндө өтүп жаткан жыйында. Сариев чек ара бекеттериндеги айрым көйгөйлөр чечиле турганын билдирди.

“Бажы бекеттери алынганы менен, ички процедураларга тиешелүү айрым көйгөйлөр болуп жатат. Жаралган көйгөйлөрдү мамлекетибиз да, Казакстан тарап да чечүүгө аракет кылып жатат. Ошол эле кезде бажы бекеттеринен өтүү жеңилдегени менен, өлкөнүн ичине киргенден кийин МАИ жана башка кызматтары тарабынан текшерүүлөр күчөтүлүп турат экен. Бирок булар чечилет”,- деди Сариев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан