"Көптөгөн үй-бүлөлөр социалдык пособие алууга татыксыз. Алардын санын кыскартыш керек" деди Сариев

Өкмөт башчы Темир Сариев мамлекеттен ай сайын социалдык пособие алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны бир жылга жакын убакытта 320 миңден 309 миңге чейин кыскарганын айтты. Бул тууралуу ал 21-августтагы өкмөт отурумунда айтты. Сариев бул ишти улантуу керектигин социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге тапшырды. 
"Кыргыз мамлекетинде көпчүлүк жарандар ай сайын мамлекеттен социалдык пособие алууга татыксыз. Ошол эле учурда жардамга өтө муктаж болгон жарандарга мамлекеттен жетиштүү каражат бөлүнүп берилбейт. Ошондуктан бөлүнгөн каражатты туура пайдалануу керек",- деди Сариев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан