Өкмөттүк аппараттын башчысынын орун басары Жылдызбек Исакулов өкмөттүн 21-августтагы жыйынында күлгөнү үчүн залдан чыгарылды. Каржы министри Адылбек Касымалиев республикалык бюджет тууралуу баяндама жасап жатканда аппарат башчысынын орун басары күлүп жиберди. Мындан кийин премьер-министр Темир Сариев анын залдан чыгып кетишин талап кылды. Ал сыртка чыгып кетти.