Рафик Мамбеталиев: "Баңгизат бизнеси терроризмдин башкы каржылык булагына айланды"

Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Рафик Мамбеталиев 21-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов менен жолугушту. Анда мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө мекемелер аралык байланышты күчөтүү тууралуу сөз болгонун ЖАМКдан билдиришти. Жетекчилер баңгизат кылмышы кыргыз жеринде гана эмес, дүйнө жүзүндө олуттуу көйгөй бойдон калып жатканын белгилешкен. 
Мамбеталиев баңгизат кылмышы боюнча өлкөдөгү кырдаал, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, баңги бизнеси эл аралык деңгээлде экстремизм, терроризмдин башкы каржылык булагына айланып калганын айтканы белгиленет маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан