24-августка чейин Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчөт
22-24-августта Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы электр тармактарынын профилактикалык иштеринен улам бир катар аймактарда жарык өчөт. Бул боюнча "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
22-августта саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Көлмө (Мыскал, Максат, Мидин, Теңдик, Илим, Тынчтык көчөлөрүндө) конушунда, 23-августта Калыс-Ордо, Ала-Тоо, Ала-Тоо-1 конуштарында электр чубалгылары оңдолот. Мындан улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
24-августта саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Маловодное, Кара-Сакал айылдарында “Маловодное” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр чубалгысы оңдолгонуна байланыштуу жарык өчөт.