Кыргыз мамлекетинде учурда 1 миллион 21 миң гектар сугат жери бар. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, жыл башынан бери суу берүү планы 98 пайызга аткарылды же былтыркыга салыштырмалуу 268,1 миң гектарга көп жер сугарылды.
"Сугарылган аянттын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча: дан эгиндери 1-сугатта 195,5 миң гектар, 2-сугатта 92,5 миң гектар сугарылган. Көп жылдык чөптөр – 1-сугатта 226,1 миң гектар, 2-3-сугатта 332,3 миң гектар, жүгөрү – 1-сугатта 87,1 миң гектар, 2-3-сугатта 181,2 миң гектар, жашылчалар – 1-сугатта 123,6 миң гектар, 2-3-сугатта 278,2 миң гектар, мөмө-жемиштер – 1-сугатта 31,9 миң гектар, 2-3-сугатта 61,3 миң гектар жер сугарылды",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары пахта – 1-сугатта 15 миң гектар, төө буурчак – 1-сугатта 46 миң гектар, 1-сугатта 7,9 миң гектар күрүч аянты сугарылганы айтылды.