“Интернетке тараган тасмадагы жол-кайгуул кызматкерлери бүткүл ички иштер системинин кадыр-баркына көлөкө түшүрүштү” дейт Сариев

Бүгүн, 24-августта премьер-министр Темир Сариев ички иштер министри Мелис Турганбаев жана
Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченкону кабыл алып, интернетке тараган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол-кайгуул кызматкерлери катышкан окуя боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Жыйында Сариев жол-кайгуул кызматкерлери катышкан тасма коомдук резонанс жаратканын билдирип, кызматкерлердин мындай жүрүш-турушу бүтүндөй ички иштер системинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнүн билдирди.

“Элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу боюнча бардык аракет көрүлүп жатса, формачан адамдардын мындай жүрүм-туруму ички иштер системинин кадыр-баркына көлөкө түшүрдү. Ошондуктан тыкыр кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тасмадагы фактылар аныкталса, аталган кызматкерди иштен алуу эле жетишсиз. Аны бардык наамдарынан ажыратып, мындай абалга жол берген жетекчилер жазаланышы керек”,- деди Темир Сариев.

Темир Сариев өлкөдөгү бардык ички иштер бөлүмдөрүндө офицердик жыйындарды өткөрүүнү ички иштер министрине тапшырды. Премьер-министрдин айтымында, бул окуядан бардык укук коргоо кызматкерлери тиешелүү жыйынтык чыгарып, сабак алышы керек.

Турганбаев интернетке жайылтылган окуя боюнча кызматтык иликтөө башталып, ага катышкан кызматкерлер жумуштан алынганын билдирди. Ошондой эле иликтөө жыйынтыгы менен кошумча чаралар көрүлүп, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги караларын убада кылды.

Муну менен катар Темир Сариев жол коопсуздугун сактоону күчөтүү боюнча чаралар жетишсиз болуп жатканын билдирип, бул жаатта ишти күчөтүү зарылдыгына токтолду. Премьер-министр Жол-кайгуул кызматын реформалоо боюнча тапшырма бергенин эске салып, бирок Ички иштер министрлиги сунуштаган долбоор сапатсыз болуп жатканын кабарлады. Ошондуктан муну тез арада кайрадан иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле жол-кайгуул кызматкерлеринин өздүк унаасы менен кызматка чыгышы мүмкүн эмес экенин Темир Сариев белгиледи.

“Кызматтык унаа жетишпей жатса, анын мыйзамдуу чараларын көрүшүбүз керек. Кызматкер өзүнүн унаасы менен турбастан, аны каттоого алып, нөөмөттө турган мезгилде атайын белгилерди чаптап, айдоочулар анын кызматтык унаа экенин билиши керек”,- деди премьер-министр. Буга байланыштуу аталган маселени чечүү үчүн кыска мөөнөттүн ичинде тиешелүү чараларды иштеп чыгууну Ички иштер министрлиги менен Жол-кайгуул кызматына тапшырды. Ошону менен бирге саналуу күндөрдөн соң жаңы окуу жылы башталарын эскертип, жол кырсыктарын азайтуу боюнча коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырмасын берди.

МАИ кызматкеринин кылык-жоругу (Уят сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан