Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-августта партиялардан парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин кабыл алууну токтотот. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, шайлоого катышуучу партиялар талапкерлердин тизмесин кечки саат 18:00гө чейин тапшыруусу керек. 24-август күнү 12 саясий партия
талапкерлердин тизмесин берди. Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт.