Швециянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин дипломатиялык миссиясы бүттү

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков бүгүн, 25-августта Швециянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Аке Петерсон менен жолугушту. ТИМдин билдиришинче, элчинин кыргыз өлкөсүндөгү дипломатиялык миссиясы бүттү. 
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Швециянын ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги, соода-экономикалык байланыштар жана аталган өлкөдөн кыргыз жерине инвестиция тартуу тууралуу пикир алышканы айтылды. Мындан тышкары актуалдуу эл аралык маселелер жаатында сүйлөшүү жүргүзүштү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан