Малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, уяң жүндүү койлорду өстүрүү боюнча өкмөт жакында атайын программа кабыл алат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 25-августта Чүйдө дыйкандар менен жолугушууда билдирди. Өкмөт жетекчиси үрөнчүлүк чарбаларды көбөйтүү менен түшүмдүүлүктү көтөрүү зарылчылыгын белгилейт.
“Өлкөбүз тоолуу аймакта жайгашкандыктан, дыйканчылыкка ыңгайлуу жер аянты чектелүү. Ошондуктан түшүмдүүлүктү көтөрүү менен айыл чарба тармагын өнүктүрүшүбүз керек. Биздин максат - мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу. Советтер Союзу тараган соң айыл чарба тармагындагы объекттерди жоготуп алдык. Ошолорду кайрадан жандардырууга мезгил келди. Бул үчүн өлкө аймагында күнөсканаларды курууну жайылтып, тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы ыкмаларды киргизишибиз керек”,- деди Сариев.