Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүгө быйыл 2,2 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта билим берүү тармагындагы кызматкерлердин Республикалык III съездинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, 2016-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө 6,6 миллиард сом бөлүү каралууда.
"Мындан 4 жыл мурун, мен премьер-министр болуп турган кезде мугалимдердин маянасын көтөрүүгө деп атайын каражат тапканбыз, бирок кол алдымдагылар акчаны туура эмес бөлүштүрүп коюшкан. Жыйынтыгында мугалимдердин айлыгы жарытарлык көбөйгөн эмес. Бул ирет каржы маселесин өз көзөмөлүмө алууну чечтим. Буюрса, кийинки жылы мугалимдердин эмгек акысына деп 6,6 миллиард сом бөлүнгөнү турат. Мындан тышкары оңдоп-түзөөгө муктаж жана авариялык мектептерге миллиарддаган акчалар жумшалат",- деди президент.