Эрлан Абдылдаев менен Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Башкы катчысы парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулашты

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн, 26-августта Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолугушту. ТИМдин билдиришинче, тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги, эл аралык, аймактык коопсуздук маселелери тууралуу пикир алышышты. 
"Быйыл күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого даярдык көрүү темасына өзгөчө көңүл бурулду. Шайлоону өткөрүүгө карата Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүнү күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөө, демократиялык процесстерди бекемдөөгө көмөктөшүү тууралуу сүйлөшүү орун алды",- деп айтылат маалыматта. 
ЕККУнун өкүлүнүн президент Алмазбек Атамбаев менен да жолугушары пландалып жатканы айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан