Президент Алмазбек Атамбаев 26-августта кыргыз өлкөсүнө расмий сапары менен келген Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташуу маселелери, түрдүү чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары биргелешкен аракеттин келечеги, ошондой эле аймактагы коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Президент Алмазбек Атамбаев Ламберто Занньерди жылуу кабыл алып, кызматташуу ырааттуу өнүгүп жаткандыгын жана көп тармактарда социалдык багыттагы конкреттүү долбоорлор ишке ашкандыгын белгиледи. “Биз ЕККУнун Бишкектеги борбору менен активдүү жана биргелешип иштешип жатабыз, ЕККУнун түзүмдөрү Кыргыз Республикасына ар дайым колдоо көрсөтүп келгени үчүн абдан ыраазыбыз. Парламенттик шайлоо алдында сиздин келишиңиз мамлекетибиз үчүн чоң мааниге ээ. Сиз менен Вена шаарындагы жолугушуубуз, маңыздуу сүйлөшүүлөрүбүз менин эсимде”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчы демократиялык институттарды өнүктүрүү, парламенттик демократияны чыңдоо, коррупцияга каршы күрөшүү, сот жана шайлоо системдерин реформалоо боюнча өлкөдө жасалып жаткан иш-аракеттер туурасында айтып берди. “Кыргыз мамлекетиндеги парламенттик шайлоолорго байкоочуларды жөнөтүү тууралуу ЕККУнун чечимине абдан ыраазыбыз. Анткени биз парламенттик шайлоолорду таза жана ачык-айкын өткөрүүгө умтулуп жатабыз. Парламенттик шайлоолор кийинки президенттик шайлоого өзүнчө бир көрсөткүч болуп калсын деген ойдобуз”,- деди Алмазбек Атамбаев.
ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Занньер өз кезегинде жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, уюм парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча кыргыз өлкөсүнүн жакшы демилгелерин, ошондой эле мамлекетте ишке ашырылып жаткан демократиялык кайра түзүүлөрдү колдоорун баса белгиледи. ”Мен Кыргыз Республикасынын демократиялык өзгөрүүлөрдүн көч башында калууга умтулуусун жана өлкөдөгү демократиялык процесстерди байкап, ыраазы болдум”,- деди Ламберто Занньер.
ЕККУнун Башкы катчысы уюмдун узак мөөнөттүү байкоочуларынын командасы кыргыз мамлекетинин референдумдарды жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы менен абдан тыгыз иштешип жаткандыгын маалымдады. “Бардык шайлоо процессин камтыш үчүн ЕККУ тарабынан 350 байкоочуну ишке тартуу боюнча олуттуу максаттар коюлуп жатат”,- деди Ламберто Занньер.