26-августта Темир Сариев Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келген Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз өлкөсү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун кызматташуу маселеси талкууланды.
"Учурда Кыргыз Республикасы чоң сыноо алдында турат, 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоолор өтөт. Аны ачык-айкын өткөрүү максатында биз кескин кадамдарга бардык. Шайлоолор биометрикалык маалыматтардын негизинде өткөрүлөт. Натыйжада бурмалоолордун алдын алып, ага жол бербөө аракети көрүлүүдө",- деп белгиледи Темир Сариев.
Ламберто Занньер шайлоо процесси учурунда Кыргыз Республикасына байкоочу топ жөнөтүлөрүн айтып: "Биз кыргыз өлкөсүнүн бийлиги жүргүзүп жаткан реформаларды, тактап айтканда, демократиялык институттарды жана шайлоо тутумун өнүктүрүү, коррупцияга каршы туруу жана парламенттик демократияны чыңдоо боюнча аракеттерин колдоого алабыз. Биздин уюм мындан ары карай дагы колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө даяр",- деди.