"Чычкан жана Боомдогу кырсыктар тийиштүү министрликтин алсыздыгын даана көрсөттү" дейт Абдырахман Маматалиев

Кыргыз мамлекетинин жана элдин 2020-жылга чейинки чукул кырдаалдардагы коопсуздугу боюнча стратегиянын аткарылышына карата 27-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин отчёту угулду. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев нормативдик документтерди иштеп чыгуу, жаңы технологияларды жайылтуу, кризистик кырдаалдарды бирдиктүү маалыматтык башкаруу системинин иштеши, кырсыктарга себеп болчу көрүнүштөрдү азайтуу жаатында министрликтин ишине оң баасын берди. 
Стратегиянын алкагында пландын 44 пайызы аткарылганы, 52 пайызы аткарылып жатканы, 4 пайызы аткарылбаганы айтылды. 
"Буга карабай бул тармакта реалдуу көйгөйлөр бар. Бул - мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара кызматташуу механизминин алсыздыгы жана комплекстүү аракеттин жоктугу. Жакында Боом жана Чычкан капчыгайларында болгон кырсыктар мунун айкын далили",- деди Маматалиев. 
Эскерте кетсек, жакында Боом капчыгайында трассага жер көчкү сүрүлүп түшүп, унаа жолу бир топ убакытка жабык турду. Ал эми 12-августта Чычкан капчыгайында чыккан өрт 10 күн дегенде араң өчүрүлдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан