Украинанын президенти Пётр Порошенко Орусияга каршы туруу үчүн бардык өлкөлөрдү биригүүгө чакырды. Мындай пикирди президент Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына карата украиналыктарга жана дүйнө коомчулугуна жасаган кайрылуусунда айтты.
"Орусиялык орой агрессия Украинага гана эмес, цивилизациялуу дүйнөнүн коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн коркунуч жаратууда. Экинчи дүйнөлүк согуштун кандуу сабактары көңүл сыртында калбашы керек. Агрессорду мындан 70 жыл мурункудай күчтөрдү бириктирүү менен гана токтотууга болот",- деп билдирет Порошенко.
Айта кетсек, Украина бийлиги Орусияны агрессор атап, Крымды тартып алганын, Донбасстагы согушчандарды курал жактан колдоп, аймакка аскер күчтөрүн жөнөтүп жатканын айтып айыптап келет. Орусия мындай айыптоолорго макул эмес.