Чек ара боюнча кыргыз-тажик өкмөттөрү аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өтөт

Берлинде өткөн "Суу жана Борбордук Азиядагы коңшулук мамилелер" аттуу конференциянын алкагында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброгим жолугушту. ТИМдин билдиришинче, тараптар саясий, социалдык-экономикалык, маданий маселелер боюнча өлкөлөрдүн кызматташтыгын талкуулашты. 
"Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке киришине байланыштуу Тажикстан менен мындан аркы кызматташуу, чек арадагы көзөмөлдөп өткөрүүчү пункттар жана башка актуалдуу маселелер талкууланды. Өкмөт өкүлдөрү бул тема боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашты",- деп айтылат маалыматта.
Жыйындын качан, кайсы жерде өтөрү азырынча белгисиз. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан