2015-жылдын 11-сентябрында Казакстан Республикасынын Астана шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин V саммитинин жыйынтыктоочу документтерине кол коюлду. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин мамлекет башчылары V саммиттин декларациясына, ошондой эле “ТМККнын башкы катчысынын орун басарларын жана Түрк маданияты жана мурастары фондунун президентин дайындоо” жөнүндө чечимдерге кол коюшту.