Шайлоо-2015. “Бир бол” партиясынын эл үчүн эмгектенгенге күч-кубаты жетиштүү

“Бир бол” партиясынын лидерлери 10-сентябрда Ала-Бука районунун жашоочулары менен жолугушту. Иш-чарага Мыктыбек Абдылдаев, Алтынбек Сулайманов, Кубанычбек Жумалиев, Акылбек Жапаров жана Исхак Пирматов катышты.

Генерал Мыктыбек Абдылдаев мамлекеттин, ар бир жарандын жана чек ара коопсуздугун камсыздоо партиянын негизги багыттарынын бири экенин айтты. Чогулгандарга партиянын тарыхы жана "Илбирс секириги" программасы тууралуу Алтынбек Сулайманов кыскача айтып берди.

«Биз белгилүү мамлекеттик ишмерлерди партиябызга чакырып, "сиздер бизге акыл-насаатыңыздарды айтып бериңиздер, ишти биз кылабыз, эл үчүн эмгектенгенге күчүбүз, кубатыбыз жетет" деп айттык. Бул жерге жалпы элге белгилүү талапкерлер келди. Жаштардын ичинен да элге кызмат кылчу чыгаан талапкерлерибиз бар. Алардын бири - Исхак Пирматов»,- деди Алтынбек Сулайманов.

Талапкердин айтуусу боюнча, партияга өз ишин мыкты билген профессионалдар чогулган. «Элдин баары айылдан шаарга качса, Исхак Пирматов болсо, тескерисинче, айылга келип, элине, жерине кызмат кылууну максат кылган: суу жок жерге суу чыгарып, тоонун башын бак кылыптыр»,- деп Исхак Пирматовдун эмгегин белгилеп кетти.

Акылбек Жапаров 2050-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү өнүккөн 50 өлкөнүн катарына кире тургандыгын айтты.

Исхак Пирматов Кумтөрдөн кийинки эң ири делген Бозумчак алтын кени ишке киргенин маалымдады. Ал эгер партия парламентке өтсө, жогоруда айтылган кендерди өздөштүрүү толук кандуу башталып, көптөгөн тургундар иш менен камсыз болорун убада кылды.

Анын айтымында, 2 пайыздык мыйзамдын үзүрү менен учурда Ала-Бука өнүктүрүү фондунда 30 миллион сом каражат бар. Жергиликтүү тургундар үчүн дагы бир жаңылык: Ала-Бука-Шакафтар-Май автоунаа жолун асфальттоо туурасында расмий чечим чыкты. Ошондой эле кийинки жылы алтын кендерин иштетүүдөн жергиликтүү бюджетке дагы 150 миллион сом түшүп, ар бир айылды асфальттоого болорун жана аны Исхак Пирматов өзү көзөмөлгө алып, акырына чыгарын убада кылып кетти.

Жолугушуу кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти жана болуп көрбөгөндөй кооз салют менен аяктады.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан