Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 12-сентябрында кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдагандыгы үчүн Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Данакер ордени менен сыйланды.
Данакер ордени менен элдер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташууну чыңдоого кошкон салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө жемиштүү иштери, илимди өнүктүрүүгө, улуттук маданияттарды жакындаштырууга жана өз ара байытууга кошкон салымы үчүн сыйланат.
Орден 1999-жылы уюштурулган. Өткөн жылдардын аралыгында бул орден менен Кыргыз Республикасы түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуусун өнүктүрүп жаткан башка өлкөлөрдүн 11 лидери жана көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери сыйланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин бул боюнча акыркы жарлыгы 2014-жылы кабыл алынган, ага ылайык, Түркия Республикасынын мурдагы Президенти Абдуллах Гүл жогорку сыйлыкка татыктуу болгон.