Кыргыз
Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-сентябрда «Аль-Харам»
мечитиндеги трагедиялуу кырсыктын кесепетинен көптөгөн жарандардын каза болуп
жана жаракат алгандыгына байланыштуу Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдель Азиз аль-Саудга көңүл
айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Каза
тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин каалаарымды билдирип
коюуңузду өтүнөм”,- деп белгиленет мамлекет башчысынын
телеграммасында.
Эске салсак, 11-сентябрь күнү Сауд Арабиясынын Мекке шаарында нөшөрлөп жамгыр жаап, суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн. Жолдорду суу каптап, сел жүрүү коркунучу пайда болгон. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, мындай окуя сейрек кездешет. Катуу шамалдан улам зым карагайлар жана Каабанын айланасындагы курулуш краны кулап кеткен.
Акыркы маалыматтар боюнча, "Аль-Харам" мечитине курулуштагы крандын кулашынан каза тапкандардын саны 107ге, ал эми жаракат алгандардын саны 238ге жетти. Набыт болгондор жана жаракат алгандар кырсык учурунда зыярат кылып жатышкан. Алардын көпчүлүгү ажылык сапарга келгендер.
"Аль-Харам" мечити дүйнөдөгү ири мечиттердин бири болуп саналат.