Шайлоо-2015. Чолпон Жакупова: "Бир бол" партиясына жер-жерлерде эл чоң колдоо көрсөтүүдө"

Жарыя кылынгандай таза шайлоо болбой, «Бир бол» партиясынын айрым талапкерлерине кысым көрсөтүлүп жатканын белгилүү укук коргоочу, “Бир бол” партиясынын лидерлеринин бири Чолпон Жакупова Жалал-Абад шаарында эл менен жолугушууда айтты.

"Биздин партиялаштарыбыз Игорь Чудиновго, Нурбек Мурашевге массалык-маалымат каражаттары аркылуу терс маалыматтарды таратуу кампаниясы жүрүүдө",- деди ал. Мындай көрүнүштүн себебин Чолпон айым «Бир бол» партиясына жер-жерлерде эл чоң колдоо көрсөтүп жаткандыгынан көрүүдө.

«Менден карапайым адамдар дайыма "Сотко барсак пара сурайт, прокуратурага барсак пара сурайт, деги бизди ким коргойт? Адилеттүүлүктү кайдан тапса болот?" деп сурап жатышат. Сотторду мыйзам эмес, акча жана чиновниктер бийлеп алышкан. Мен бул абалды өзгөртүү үчүн, жөнөкөй адамдын укугун коргоо үчүн шайлоого баратам»,- деп Ч.Жакупова калың элге кайрылды.

Сөзүнүн соңунда Чолпон Жакупова ушундай административдик ыкма менен жүргүзүлүп жаткан коркутууларга моюн сунбай, намысты бийик коюп, шайлоодо өз тандоосун жүрөгү менен жасап, «Бир бол» партиясын колдоого чакырды. 

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан