КМШнын байкоочулар миссиясы парламенттик шайлоону көзөмөлдөө боюнча өз ишин баштады

КМШнын узак мөөнөттүү байкоочулар штабы парламенттик шайлоого мониторинг кылуу боюнча өз ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда журналисттерге КМШнын Аткаруучу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Гаркун билдирди. Анын айтымында, штаб өзүнүн байкоолоруна карап жыйынтык чыгарат. 
"Байкоочулар КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу менен келди. Узак мөөнөттөгү 23 байкоочу учурда өз ишин баштап, Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча тиешелүү мыйзамдарын карап, массалык маалымат каражаттарында саясий партиялардын агитациялык ишмердүүлүгүнүн мониторингин өткөрүп жаткан чагы. 
Ал эми шайлоого 2-3 күн калганда кыска мөөнөттөгү 130 байкоочунун келиши пландалган. Аларды кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарына жайгаштырганга аракет жасайбыз. 
Биздин жыйынтыктар негизинен туура болот. Балким, сандар боюнча анча-мынча айырмачылыктар болушу мүмкүн. Биздин миссия башкалардай болуп эки айга созбойт",- деди Гаркун. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан