Бүгүн, 14-сентябрда парламенттик шайлоого карата өкмөттүн чукул жыйыны өттү. Шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев шайлоого даярдыктар жана биометрикалык маалымат топтоо иши активдүү жүрүп жатканын маалымдап, “Өзүңдү тизмеден текшер!” акциясында жарандар шайлоо тизмелеринен өзүн тактап жатканын айтты.
Премьер-министр Темир Сариев жарандардын тизмеден өзүн тактоосуна 3 күн убакыт калганын белгилеп, добуш берүү күнү техникалык көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн ар бир райондо кесипкөй IT-программисттерди атайын даярдыктан өткөрүү тапшырмасын берди.
“Биз үчүн бийликчил же оппозициячыл партия деген түшүнүк болбош керек. Бардык партияларга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө бирдей шарт түзүп беришибиз зарыл. Ал эми кайсы партияга добуш берүүнү эл өзү чечсин”,- дейт Сариев.
Үгүт маалында жана шайлоо күнү коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү талабы дагы бир жолу эскертилгенин билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.