Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-сентябрда билим жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчыга өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын структуралык бөлүмдөрүн кайрадан түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилгенин президенттик аппараттан билдиришти. Бул иштин алкагында мамлекеттик жогорку окуу жайлардагы бирин-бири кайталаган юридикалык тараптар жоюлуп, окутуучулардын айлык акысын жогорулатууга жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Андан тышкары Эльвира Сариева мамлекеттин билим берүү тармагына жана кадрларды даярдоого жумшаган каражатын так көзөмөлдөө максатында жогорку окуу жайлардагы бюджеттик орундарды бөлүштүрүү системин иретке салуу багытында аткарылган иш-аракеттер тууралуу айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө атаандаштыкка туруштук берип, сапаттуу билим бере ала турган окуу жайлары үчүн зарыл шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле мамлекет башчы министр менен алдыда турган мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесин, билим берүү тармагындагы жаңы объектилерди куруу жана авариялык абалдагы окуу жайларды оңдоо ишинин жүрүшүн талкуулады.