Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 14-сентябрда Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян менен жолугушту. ТИМдин билдиришинче, жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун уставдык органдарынын Дүйшөмбү шаарында өткөн жыйынынын алкагында өттү. Министрлер саясий, экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүү тууралуу пикир алышканы айтылды. Мындан тышкары тараптар соода-экономикалык, социалдык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-армян өкмөттөрү аралык комиссиясынын ишин жандандыруу зарылдыгын белгилешти.