Бишкекте соттук-эксперттик мекемелердин сапатын көтөрүү жолдору талкууланууда

Бишкекте 14-сентябрда Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалар борборунун адистери жана мамлекеттик мекемелердин эксперттик кызматтарынын өкүлдөрү үчүн "ИСО-МЭК 17025 боюнча сыноолорду жүргүзүүчү жана калибрдүү лабораториялардын компетенцияларына карата талаптар" аттуу 5 күндүк семинар башталды. 
Министрликтин билдиришинче, семинарда 2015-2018-жылдарга карата Соттук экспертизалар борборун өнүктүрүү концепциясы тарабынан соттук-эксперттик мекемелердин ишинин сапатын көтөрүү жана соттук экспертиза жаатындагы эл аралык стандарттардын талабына ылайык келтирүүгө аккредитациялоо көйгөйлөрүнө басым жасалууда. Аталган эл аралык стандарт боюнча негизги талаптар жана соттук-эксперттик мекемелерди аккредитациялоонун өзгөчөлүктөрү, өлкөдөгү соттук-эксперттик лабораториялардын методикалык камсыздалышын канааттандыруу жана улуттук системин түзүү сунушу талкууланмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан