Кыргыз мамлекетинин Бюджет кодексинин долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун эксперттеринин сунуштарын эске алуу менен толукталып иштелип чыкты. Бул тууралуу 14-сентябрда Каржы министрлигинен билдиришти.
Бюджет кодексинин долбоору 2012-жылдан тартып Жогорку Кеңештин депутаттар тобу жана өкмөт тарабынан өз-өзүнчө даярдалып, андан соң биргелешип түзүлгөн жумушчу топ тарабынан кайрадан иштелип чыккан. Ал долбоор 2014-жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, анын концепциясы биринчи окууда жактырылган.
Быйыл июнда долбоор Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде экинчи окууда каралып, аны 2015-жылдын 15-сентябрында кайрадан кеңири талкуулоо чечими кабыл алынган. Каржы министри Адылбек Касымалиев бюджет долбооруна экинчи окуунун жүрүшүндө 262 сунуш келип түшкөнүн, күзгө чейин ал сунуштар дыкат каралып чыгарын билдирген эле.
Бюджет кодекси кабыл алынса, мамлекеттик бюджет мамилелерине байланыштуу 16 улуттук мыйзамдын жоюлушу күтүлөт. Алардын өзөгү бирдиктүү Бюджет кодексинин өзүндө камтылууда.