Борбордук шайлоо комиссиясы Игорь Чудиновду, Карганбек Самаковду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок

Бүгүн, 15-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Игорь Чудиновду ("Бир бол" партиясынан талапкер), Карганбек Самаковду ("Кыргызстандын элдеринин конгресси") жана Искендер Айдаралиевди ("Замандаш") кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок. Мындай чечимди комиссия бир добуштан кабыл алды. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, 4-октябрда шайлоо күнү өткөндөн кийин бул талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу гана мүмкүн.
Айта кетсек, 10-сентябрда Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, парламенттик шайлоого катышып жаткан аталган талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сунуштаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан