Борбордук шайлоо комиссиясы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлү Кабулжан Кимсанбаевди токмоктогон "бир болчу" Нурбек Мурашевге эскертүү жарыялады. Бул чечимди комиссия бир добуштан кабыл алды.
БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, бул токмоктоо фактысы Мурашев тарабынан шайлоо алдында биринчи жолу болгондуктан, эскертүү гана жарыяланат. "Эгер мындай нерсе бир нече жолу кайталанса, анда Мурашевди талапкерлердин тизмесинен алып салышыбыз мүмкүн",- деди Абдраимов.
Айта кетсек, 3-сентябрда “Бир бол” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Мурашев Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кабулжан Кимсанбаевди сабап салганы маалым болгон. Буга чейин 2014-жылдын 14-февралында Мурашев Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевди да ур-токмокко алганы белгилүү болгон.