Кыргыз мамлекетинин судьялары Түркиянын соттору кантип иштешерин көрүштү

Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары 7-11-сентябрь күндөрү Түркиянын сотторунун иши менен таанышышты. Жогорку Соттун маалымат кызматына таянсак, судьялардын сапарында Түркиянын Сот адилеттиги академиясында, Конституциялык жана Жогорку Сотторунда, Юстиция министрлигинде, Анкара шаарынын Батыш округдук сотунда жолугушуулар өткөрүлдү. 

"Кыргыз Республикасынын судьялары Түркиянын соттук-укуктук системи, соттордун ыкчам ишмердиги менен таанышышты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын судьялар корпусунун квалификациясын Түркиянын Сот адилеттиги академиясында жогорулатуу макулдашуусун түзүү боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүрдү",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан