Бүгүн, 17-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Аксы районунда курулуп жаткан асфальт заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Альянс Строй" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан завод күнүнө 2000-3000 тонна асфальт өндүрүүгө жөндөмдүү.
Белгилей кетсек, бул заводдун ишке кириши Аксы районунун жол инфраструктурасын жакшыртууга чоң салым кошот.