Темир Сариев: "Бүгүнкү күндө 2 миллион 633 миң адам биометрикалык каттоодон өттү"

Бүгүнкү күндө 2 миллион 633 814 адам биометрикалык каттоодон өттү. Бул көрсөткүч дагы 3 күндүн ичинде толукталат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңешке ат салышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, 18-сентябрь - биометрикалык маалымат тапшыруунун акыркы күнү. 
"4-октябрда республика боюнча 2374 шайлоо тилкеси иштейт. Электрондук урна добуштарды өзү санап, шайлоо бүткөндөн кийин чек чыгарат. Жыйынтык саясий партияларга таратылат. Учурда шайлоо күнүнө карата даярдыктар жогорку деңгээлде өтүүдө. Муну менен катар үгүт иштери боюнча мен орой мыйзам бузуулар болуп жатканын уккан жокмун. Ошол эле учурда ар түрдүү жолдорду издеп добуштарды сатып албоого чакырам. Таза шайлоону өткөрөбүз",- деди Сариев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан