Бишкекте бүгүн, 15-сентябрда парламенттик шайлоого катышчу партиялардын өкүлдөрү менен өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу өтүүдө. Жолугушууда партиялардын биринин лидери "өкмөт башчы
Темир Сариевдин жана биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев кайсы бир партияга үгүт жүргүзүп жатканы айтылууда" деп билдирип, буга алардын жооп беришин өтүндү.
Темир Сариев жооп катары: "Менин партиям шайлоого катышкан жок, менин туугандарым шайлоого аттанышпайт. Эгерде конкреттүү далилдер болсо бергиле, чара көрүүгө даярмын",- деп билдирди. Тайырбек Сарпашев буларды айтты: "Мени бул кызматка КСДП көрсөткөн, бирок ал партия менин үгүттөөмө муктаж эмес. Мен мамлекеттик кызматкермин, мыйзамды бузсам жооп берүүгө даярмын. Ушакты четке кагам".