УКМК: “Добуштарды сатып алуу фактылары болууда, бирок аларды документтештирип жоопко тартуу кыйынчылык жаратууда”

“Добуштарды сатып алуу фактылары болууда, бирок аларды документтештирип жоопко тартуу кыйынчылык жаратууда”. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, шайлоого карата шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракет кылуу такыр болгон жок деп айтуу кыйын.

Саясий партиялардын лидерлерин маданияттуулукту көрсөтүп, добуш сатып алууга барбаса дейт элем. Биз бул фактылар боюнча документтерди топтоп, Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп беребиз.  

Мындан тышкары жакында депутат Алла Измалковадан билдирүү келип түштү. Ага ылайык, Кара-Балтада биометрикалык маалыматын бербеген адамдарга “биометрикалык маалыматын тапшырды” деген кагаздарды таратып жүрүшөт. Биз бул маалыматты текшерүүгө алдык, себеби биометрикадан өтпөй туруп, "өттү" деген кагаз менен шайлоо күнү тизмеден өзүн таппаса жаңжал чыгарбасын деп алдын ала чара көрүп жатабыз”,- деди Табалдиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан