Кубанычбек Кулматов: "Бак-дарактарга жана уруксаты жок жайларга илинген үгүт баннерлери чечилип, айып пул салынат"

"Бак-дарактарга жана уруксаты жок жайларга илинген үгүт баннерлери чечилип, айып пул салынат". Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда саясий партиялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтты. Ал мындай мыйзамсыз иштер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына да кабар берилип турарын белгиледи. 
"Ошондой эле административдик чара көрүп, көлөмү аз эмес болгон айып пул салууга укугубуз бар. Муну менен катар биз бир күндүн ичинде каалаган саясий партияга үгүт баннерлерин илүүгө орун бере алабыз. Анан шаардын көркүн бузбоо үчүн көчөлөрдө илинген партиялардын жарнактарынын өңүнө жараша бөлүштүрүүдөбүз",- деди Кулматов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан