Экономика министрлиги: ЕАЭБдин талаптары сакталбаса, уюмга мүчө мамлекеттер биздин товардан баш тартышат

Кыргыз мамлекетинен Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө товар жеткирүүдө ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарын бекем сактоо зарыл. Муну 15-сентябрда КРнын Экономика министрлиги билдирип, эгерде техникалык регламенттин талаптары сакталбаса, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер киргизилчү товарларга убактылуу чектөө киргизерин айтты. Министрлик бул боюнча Казакстандын аракетин мисал келтирет.
Казакстан 8-сентябрда Орусиянын жана Кыргыз Республикасынын бир катар сүт жана дан азыктарын өлкө аймагына киргизүүгө убактылуу чектөө киргизгени эскертилди. 
Эскерте кетсек, жакында Казакстан орусиялык 6, кыргыз өлкөсүнүн 1 ишканасынын азыктарын киргизүүгө тыюу салган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан