КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү массивиндеги пайдаланылбаган жерлерди калктуу конуштарга айлантуу иштери менен таанышты. Тургундар мамлекет башчы менен сүйлөшүү учурунда президентти туулган күнү менен да куттуктап өтүштү.
Бул аймак Өзбекстан менен чектешет. Чек арадагы такталбаган аймакка суу алып келип, жолдорду куруу менен чек араны жабуу каралганын Ак-Турпак айылдык кеңешинин төрагасы Алмарсбек Имаров билдирди. Анын айтымында, өздөштүрүлгөн жердин аянты 4 миң гектарды түзөт. Долбоор аяктаганда 4 миңден ашуун адамга жер тилкелери берилет. “Бул жерге суу толук жеткирилет. Буга чейин өздөштүрүүгө жаткан жер болчу, эми сугат жер болуп бөлүндү. Курулган каналдын узундугу 6,5 чакырым. Жерлер турак жайга муктаж адамдарга берилет, азыркы тапта тизме даяр. Күзүндө жер тилкелери таратыла баштайт”,- деди ал.
Белгилүү болгондой, долбоордун жалпы суммасы 9,3 миллион долларды түзөт.