29-сентябрда "Бир бол" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Мамасадык Бакиров, Улугбек Ормонов, Кыяс Молдокасымов, Дүйшөн Төрөкулов, Бакыт Шоноев, Алимжан Байгазаков, Гүлсанам Мамадалиева, Адылбек Кадыров Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын тургундары менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууга 5 миңден ашуун адам чогулуп, "Бир бол" партиясын жылуу маанайда кабыл алды.
"Бир бол" партиясынын Куршаб айылынан талапкери Бакыт Шоноев: "Менин "Бир бол" партиясы менен баратканымдагы башкы максат - элет жаштарынын жеткиликтүү билим алуусу, андан кийин жумуш менен камсыздалуусу, ар бир кесипкөй адис өз жеринде иштөөсү үчүн болгон күч-аракетимди жумшоо. Жаштар - биздин таянган күчүбүз. Демек, аларга сөзсүз түрдө кам көрүшүбүз шарт",- деп билдирди.
Ушул эле күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында Игорь Чудинов, Чолпон Жакупова, Нурлан Токоноев, Мурат Жакыпбаев, Өмүрбек Эгембердиев, Бактыбек Турусбеков шайлоочулар менен жолугушканы айтылды.
"Ар бир кыргызстандыктын татыктуу жумушу болуш керек. Ушул максатты ишке ашыруу үчүн бир нече кадамдар жасалышы керек: мамлекеттик аппаратты кыскартсак, андан үнөмдөлгөн каражатты айыл чарбасына насыя берүүгө жумшаса болот",- дейт Игорь Чудинов.
“Бир болдун” “Илбирс секириги” программасына ылайык, мамлекеттик аппаратты кыскартуудан бошогон каражаттардын бир бөлүгү – 5 миллиард сомго жакын каражат чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталары айтылды.
Чолпон Жакупова “Бир болдо” Марат Султанов, Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров, Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу көрүнүктүү инсандар, профессионалдар чогулганын, бул жигиттер көптөгөн мамлекеттик кызматтарда иштеп, жогорку ийгиликтерге жетишкенин айтты.
Жолугушуулардын соңунда аксакалдар элди "Бир бол" партиясы үчүн добуш берүүгө үндөп, талапкерлерди ак батасын берип узатышканы айтылат маалыматта.