Бүгүн, 18-июлда Усубалиев атындагы эски аянтта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине авто унааларды расмий түрдө тапшыруу аземи өттү.
Анда маданият министри Мирбек Мамбеталиев өзү автобус айдап, аны текшерип, сынап көрдү.
Иш-чарага маданият жана искусство мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Тапшырылган автотранспорт маданий иш-чараларды, фестивалдарды жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланылат.
Министрликке жалпы 72 унаа тапшырылды. Анын ичинен: