Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасында жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү 2017-2022-жылдары жакырчылыктан чыгарууну талкуулады. Министрликтин маалыматына таянсак, Базарбаев уюм менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолду.
"Өткөн жылдан бери БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте атайын долбоорду ишке ашырып жатат. Ага 220 миң адамды камтыган 42 миң үй-бүлө катышууда. Жыл башында атайын байкоо жүргүзүп, долбоор чынында эле иштеп жатканына көзүбүз жетти. Жарандар өздөрүнүн айылдарында жолдорду, көпүрөлөрдү куруп, ирригациялык системди калыбына келтиришүүдө. Ашпозчулук, тигүүчүлүк, балыкчылык курстарынан өткөндөр өздөрү иш башташып, мамлекеттик жөлөк пулга муктаж болбой калышты. Мамлекеттен жөлөк пул алган жарандардын саны бир жылда 310 миңден 297 миңге кыскарды",- деп билдирди министр.